Бишкекте Токомбаев көчөсүндө курулуп жаткан 14 кабаттуу үйдүн курулуш иштери жүрүп жатканда 9-кабаттан жумушчу кулап түштү. Маалыматты Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы ырастады.
Маалыматка ылайык, окуя 1-мартта орун алган. 18 жаштагы жабырлануучу Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий борборуна жаткырылып, ага мээси жабыркап, эки буту жана ийини сынган деген алдын-ала диагноз коюлган.
Бүгүнкү күндө куруучунун абалы орточо оор деп бааланууда. Анын ички органдарынан операция болгондон кийин хирургия бөлүмүндө которулган.
Аталган факт Жазык кодексинин 258-беренеси («Тоо-кен, курулуш, жарылуу кооптуулугу бар же башка жумуштардын коопсуздук эрежелерин бузуу») менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатканы айтылды.