• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

18-июнда Чүй проспектисинин бир бөлүгү жабылат

16 Кулжа 2023 17:58 Бишкек Govori.TV

18-июнда саат 16.00дөн 23.00гө чейин Чүй проспектисинин Дзержинский көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ала-Тоо аянтында «Fusion Concept» заманбап бий боюнча дүйнөлүк чемпионаттын КМШ өлкөлөрү арасында тандоо турун өткөрүүгө байланыштуу жабылат.

Чемпионат эң престиждүү бий сынактарынын бири жана дүйнөнүн бардык бурчунан бийчилерди өзүнө тартат. Эң күчтүү эки бийчи финалдык дүйнөлүк чемпионатка катышууга мүмкүнчүлүк алып, августтун аягында Парижде Кыргызстанды бүткүл дүйнөгө таанытышат, ага Кыргызстан да кирген эң күчтүү сегиз өлкө катышат.

Иш-чара борбор калаанын мэриясы, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Улуттук маданий борбордун колдоосу менен уюштурулуп, иш-чаранын өнөктөштөрү Француз Альянс тил борбору жана Гёте институту.

Количество просмотров: 79