• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

19 жаштагы кыз 18 миң сом уурдады деген шек менен кармалды

5 Жетинин айы 2020 16:35 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги эс алуучу жайлардын биринен 18 миң сом акча уурдады деген шек менен 19 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

 Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-ноябрда болжол менен саат 06:40 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Тоголок Молдо көчөсүнөн акчамды уурдап кетти деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1992-жылы туулган Т.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган.

Анда Тоголок Молдо көчөсүндө жайгашкан эс алуучу жайлардын биринде белгисиз кыз арыз ээсинин 18 миң сом өлчөмүндөгү акчасын уурдап кеткен. Ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган С.В. аттуу кыз кармалып, Биринчи Май РИИБинин тергөө кызматына жеткирилген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, азыркы учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 104