Бүгүн, 30-ноябрда «Конституциялык кризистен чыгуунун жолдору» аталышындагы тегерек стол уюштурулду. Ага Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Искак Масалиев, Максат Кунакуновдор катышууда.
Жыйында «Комитет 93» кыймылы Кыргызстанда 1993-жылы кабыл алынган биринчи Конституцияны калыбына келтирип, кайра күчүнө киргизүүнү сунуштады.
Комитеттин мүчөлөрү Кыргызстан эгемендик алгандан бери Баш мыйзам тогуз жолу өзгөртүлгөнүн, 1994-жылдан баштап президенттер бийлигин бекемдеш үчүн Конституцияны мыйзамсыз өзгөртүп келгенин айтышты.
Тегерек столго мейман катары чакырылган мурдагы депутат Исхак Масалиев «Комитет 93» кыймылынын 1993-жылдагы Конституцияга кайтуу сунушун колдоду.
«1993-жылдагы Конституция боюнча Кыргызстанда бир жагынан күчтүү президент, экинчи жагынан чечүүчү ролго ээ болгон парламент болуп, бийликтин тең салмактуулугун сактап турган. Ошол система ыңгайлуу болчу. Албетте, оңдоп-түзөй турчу жактары бар. Бирок жалпысынан 1993-жылдагы Конституцияга кайтуу сунушун колдойм»,-деди Масалиев.
«Комитет 93» кыймылынын мүчөлөрү 1993-жылдагы Баш мыйзам кандайдыр бир кызыкчылыкты көздөгөн топтор тарабынан эмес, эгемен Кыргызстанды, мамлекеттүүлүктү түптөш үчүн иштелип чыккан деп эсептешет. Кыймылдын мүчөлөрү Конституциянын айланасындагы саясий оюндарды токтотуш керек деген сунушун беришти.