• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Атайын репортаж: Мамлекет элге кам көрүп жатабы?

2 Жетинин айы 2021 19:33 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик органдар калкка кандай кызмат кылат? Алардын ишинин эффективдүүлүгу суроо жаратып, жыл ичинде баш мыйызам менен кошо өкмөттүн курамы да бир нече жолу алмашканы коомдо талкуу жаратты. Министрлердин бат-баттан  алмашуусунан элге болгон кызматы көрүнбой калды деген кептер да бар. Ал эми Садыр Жапаровго толук баш ийген министрлер кабинетинин курамы кайрадан өзгөрүп, аткаруу бийлигинин башына Акылбек Жапаров келди.

2020-жылы октябрь окуяларынан кийин Конституциялык реформа коштогон саясий процесстер парламенттик шайлоо өтүп, жаңы Министрлер кабинетинин ишке кириши менен жыйынтыкталат деп күтүлүп жаткан учурда кайрадан жаңы өзгөрүүлөрдүн болуусу коомдо талкуу жаратпай койгон жок.

Айрымдардын айтымында өлкөдө экономикалык каатчылык баш болгон бир катар көйгөйлөр бар. Кышка даярдык, өлкөнү каптаган коронавирус илдети, кымбатчылык маселелеринин  дагы да болсо чечүү жолдору айтыла элек. Саясат талдоочу Шаирбек Мамтокторовдун айтымында бул жолу да кадр тандоо маселеси аксап калган.

Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрунүн дарегине буга чейин эле нааразы пикирлер айтылып келген. Алсак Энергетика министри электр энергиясын үнөмдөө сунушу менен талкууга жем болсо, Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев акыркы жолу коронавирустун 4-толкуну качан болоорун божомолдоп, сынга калган. Ошол эле учурда коомчулук санитардык нормалар сакталбай жатканына да күбө болуп келебиз.

Жаңы Министрлер кабинети алдына бир катар амбициялуу пландарды коюуда. Өкмөт башчы Акылбек Жапаров мамлекеттик бюджетти дээрлик 40% көбөйтүүгө убада берди. Ал эми Легендарлуу парламенттин депутаты Кемел Ашыралиев жаңы бийлик өлкөнүн ишин өргөлөтүп кетет деген үмүт бар экенин айтат.

Эксперттердин айтымында  өлкөдөгү кырдаалга  жоопкерчиликти  бир гана президент алат. Себеби, жыл башында өткөн референдумда өлкө президенттик башкару формасын тандап алган. Бир жыл убакыт өтсө да өзгөрүү аз экенин айткан саясат талдоочу Айданбек Акматов жообу жок суроолор арбын экенин белгилейт.

Өз кезегинде өлкө башчы Садыр Жапаров өнүгүүгө карата өзгөрүүлөр болоорун, бирок ага убакыт керек экенин айтып келет. Эгер буга чейин оош-кыйыш мезгилдерде улам өкмөттү садага чаап, алмаштырган бийлик үчүн ыңгайлуу эле. Ал эми азыр аткаруу бийлигин ишке ашырган өлкө башчы мамлекеттин жүгүн көтөрүп, эл мүдөөсүн канчалык деңгээлде орундатат убакыт көрсөтөт.

Количество просмотров: 223