2-апрель күнү түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт. Бул туурасында кыргызгидромет билдирет.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден,кээ бир тоолуу райондордо жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 5…10, күндүз 13…18,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0…5, күндүз 5…10,
Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10,
Бишкекте түнкүсүн 2…4, күндүз 13…15 градус жылуу болот.