• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

2-майда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

1 Бугу 2020 15:29 Бишкек Govori.TV

Эртең, 2-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым райондорунда, Чүй облусунун тоолуу аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт, деп маалымдайт Кыргызгидромет.

Ал эми күндүз Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын айрым аймактарында жаан, тоолуу аймактарда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым аймактарда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн +9…+14
күндүз +19…+24
Талас облусунда

түнкүсүн +9…+14
күндүз +19…+24
Баткен облусунда

түнкүсүн +10…+15
күндүз +21…+26
Ош жана Жалал-Абад облустарында

түнкүсүн +10…+15
күндүз +21…+26
Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн +5…+10
күндүз +17…+22
Нарын облусунда

түнкүсүн +4…+9
күндүз +16…+21
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14 градус, күндүз +22…+24 градус болот.

Количество просмотров: 49