• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

2 сааттык сурактан кийин Сапар Исаков УКМКнын имаратынан чыкты (видео)

26 Чын куран 2018 17:34 Бишкек Govori.TV
Бишкек 26.04.2018. Govori.TV

Сапар Исаков 2 сааттык сурактан кийин УКМКнын имаратынан чыкты.

Ал УКМКга Бишкектеги ТЭЦ боюнча чакырылганын айтып, тергөөчүлөрдө анын президенттик аппаратта иштегениндеги убакыт боюнча кээ бир суроолор бар экенин билдирди. Мындан сырткары ал ТЭЦке менин күнөөм бар деген сөздөр чындыкка дал келбейт. Эч кандай сыр болбош үчүн УКМК чакырганын фейсбуктагы баракчасына  жазганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, бүгүн 26-апрелде Сапар Исаков өзүнүн фейсбук тармагындагы баракчасына УКМКдан келген чакыруунун сүрөтүн койгон. Анда ал бүгүн саат 15:00дө УКМКга барып,  тергөөчү  К. Сабыровго көрсөтмө берүүгө тийиштиги жазылган.

 

 

Количество просмотров: 19