• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Атамбаев жана анын командасы кандай иштеген? (видео)

14 Бугу 2018 11:39 Бишкек Govori.TV
Бишкек.14.05.2018.Govori.TV

Экс-президент Алмазбек Атамбаев жана анын командасы таза иштеген жана ал коррупция менен биринчи күрөштү баштаган адам.Бул туурасында мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков УКМКга суракка кирип бара жатып билдирди.

Белгилей кетсек,  өткөн жумада ЖКнын ТЭЦтеги модернизацияга кеткен 386 млн. доллардын изин иликтеген депутаттык комиссиясы жоопкерчилик тартуу үчүн укук коргоо коргоо органдарына сунуштаган чиновниктердин башына Сапар Исаковду киргизген. Анда Сапар Исаковдун Президенттин сырткы саясат бөлүмүн жетектеп тургандагы ТБЕА компаниясы тууралуу Президентке жиберген кызматтык каттары ТЭЦтин модернизациясы боюнча ТБЕАнын жалгыз конкурссуз ишти аткарууга ээ болушуна олуттуу таасир тийгизгени айтылган.

Эске салсак, Сапар Исаков буга чейин да башкы коопсуздук органында суракта болуп, 2,5 сааттай кармалган соң, «Президенттик аппараттагы айрым иштер боюнча маселелер бар экен, ал жакта корко турган иштер жок» деп чыккан болчу.

Видео:Азаттык

Количество просмотров: 22