• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

+2: Таласта коронавирус күчөдү

11 Кулжа 2020 10:46 Бишкек Govori.TV

11-июнга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктурган жаӊы 36 учур катталды. Аларды экөөсү Талас облусунан чыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, облуста биринчи учур медицина кызматкеринен аныкталды. Вирусту анын жолдошу жана кошунасы жуктурган. Ал эми байланышта болгондор дагы такталып жатканын кошумчалады.

«Бир топ убакыттан бери Таласта коронавирус инфекциясы чыкпай, таза келе жаткан. Бирок эл кыймылда болуп, келип-кеткендер көп. Таластан өткөн жүк ташуучу унаалардын айдоочулары бар. Кыймыл болгондуктан ал жерге да коронавирус инфекциясы барды. Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштеген дарыгерден клиникалык белгилер аныкталып, лабораториялык анализге алынып, оору аныкталды. Эпидемиологиялык изилдөөлөр жүргүзүлүп жатат. Жолдошу, кошунасы коронавирус жугузуп алганы тастыкталып, каттоого алынды. Байланышта болуп жаткан адамдардын баарын текшерүү улантылып жатат. Байланыштар көп болуп жатканын байкасаңыздар болот. Жашаган жеринен 5 адам, иштеген жеринде 17 киши болуп жатат. Бир эле учур менен 98 адам байланышта болгон», — деген Үсөнбаев.

Жаңы учурлар:

Бишкек ш. – 17
Чүй облусу – 3
Нарын облусу – 1
Ысык-Көл облусу – 3
Ош ш. – 2
Ош облусу – 4
Жалал-Абад облусу – 3
Баткен облусу – 1
Талас облусу – 2

Муну менен Кыргызстанда СOVID-19 инфекциясына чалдыккандардын жалпы саны 2129га жетти.

Белгилей кетсек буга чейин Талас облусу коронавирус каттала элек Кыргызстандагы жалгыз облус болчу. Алгачкы учур 10-июнда катталган эле.

Количество просмотров: 272