• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

2 жумада лотереянын катышуучулары 972 млн сомго кассалык чектерди сканерлешти

18 Теке 2023 13:40 Бишкек Govori.TV

2-июлдан – «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын 2-этабы башталгандан тартып, жарандар «Салык чек» тиркемеси аркылуу 972 млн сомдон ашык суммага кассалык чектерди сканерден өткөрүштү.

Мамлекеттик салык кызматынан (МСК) билдиришкендей, бүгүнкү күнү лотереянын катышуучуларына 2-июлдан тартып сканерден өткөрүлгөн кассалык чектердин суммасынан түзүлгөн 860 миңден ашык ID-номер ыйгарылды.

Эскерте кетсек, ID-номерлер жумасына 2 жолу: дүйшөмбүдөн шаршембиге чейин сканерленген кассалык чектерге – жума күнү, бейшембиден жекшембиге чейин сканерленген кассалык чектерге – шаршемби күнү автоматтык түрдө ыйгарылып турат.

Топтолгон ар бир 1000 сомго 1 ID-номер берилет.

Утуштун экинчи этабы 25-декабрдан 30-декабрга чейин болот, анда 1 244 байге ойнотулат, анын ичинде 10 батир, 11 электромобиль, чет өлкөгө 4 жолдомо, 521 iPhone14, 519 смартфон, 158 ноутбук жана Дайсон маркасындагы 21 фен.

Лотереяга катышуу үчүн «Салык чек» тиркемесин жүктөп алуу жана катталуу жетиштүү. Андан кийин тиркеме аркылуу товар же кызмат сатып алуудан кассалык чекти сканерлөө керек.

Количество просмотров: 86