• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

20-августта кыргызстандыктар эс алат, бул иш күн 22-сентябрга которулду

15 Баш оона 2018 17:56 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 15.08.2018.Govori.TV.
2018-жылдын 20-августу республикада эс алуу күнү катары жарыяланды. Эс алуу күндөрүнжылдыруу жөнүндө тиешелүү токтомго  премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Бул чечим 2018-жылы эс алуу жана жумуш эмес күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максаттарындакабыл алынды.
Мындан улам Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат
Мамлекеттик бюджеттен каржыланган, беш күндүк иш жумасы менен иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2018-жылдын 22-сентябрындагы эс алуу күнү 2018-жылдын 20-августуна которулсун. Беш күндүк иш жумалагыменен иштеген жеке менчик түрүндөгү юридикалык жактардын жетекчилерине 2018-жылдын 22-сентябрындагы эс алуу күнү 2018-жылдын 20-августуна которуу сунушталсын.
Количество просмотров: 40