• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

20 кг гашиш жана 10 кг апийим чийкиси бар жүк кармалды

16 Тогуздун айы 2023 11:12 Бишкек Govori.TV

Жалпы салмагы 20 кг гашиш жана 10 кг апийим чийкиси бар жүк кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан узак мөөнөттүү атайын операцияны ишке ашыруунун жүрүшүндө “ТР-КР-УР” каттамы боюнча өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизатын – гашиш жана апийим чийкисин ташуу менен алектенген эл аралык баңги топтун ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлду.

«2023-жылдын 11-октябрында Баткен — Ош унаа жолунун Ноокат районунун аймагындагы ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Россиянын жараны Б.С.С. жана Кыргызстандын жараны Р.Х.Э. кармалып, алардан баңгизат — жалпы салмагы 20 кг гашиш жана 10 кг апийим чийкиси табылып алынды. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, кармалгандар баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип камакка алынды»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда бул кылмыштын башка катышуучуларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.

Количество просмотров: 117