• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

«20 миллион доллардын тегереги». Жапаров байлыгын ачыктады

15 Бирдин айы 2024 17:30 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бардык мүлктөрүн легалдаштырганын өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Былтыр кирешени легалдаштыруу жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзамды өлкөбүздүн бай жарандары капиталдарын чет өлкөлөрдө кармабастан, өз өлкөбүзгө алып келишсин, накталай акчаларын чет өлкөлөрдүн банктарында катып жатпастан, бул жакка которуп, өзүбүздүн банктарга салсын, өзүбүздүн экономикабыздын пайдасына иштесин деген максатта кабыл алганбыз.

Мыйзам 1-июлга чейин күчүндө болот. Андан кийин күчүн жоготот.

Урматтуу мекендештер!

Эми иштин чоо-жайына өтөйүн.

Буга чейин баарыбыз эле (карапайым калктан башка орто бизнесмендерден тарта жогоркулардын баары) мүлктөрүбүздү башка бирөөлөрдүн аттарына каттатып келгенибиз жашыруун эмес. Мындан сырткары, эң бай деген жарандарыбыз бүгүнкү күнгө чейин миллиарддарын чет өлкөлөрдөгү банктарда кармап жатышат. Мындай байлар бизде көп. Эмне үчүн чет өлкөлөрдө катып жатышат деген суроого жооп жөнөкөй эле. Буга чейин мынча акчаны кайдан, кантип таптың, канча салык төлөдүң деген суроо туулуп, маселе жаралат эле.

Эми мына ушул мыйзам менен андай маселе жаралбагандай кылып, легалдаштыруу мүмкүнчүлүгүн түзүп берип жатабыз. Бул мүмкүнчүлүк 1-июлга чейин гана иштейт. Андан кийин иштебейт. Ошондуктан кечикпей легалдаштырып, үлгүрүп калыңыздар.

Эми өзүмдүн мүлктөрүмө токтолоюн.

Мен 2005-жылы Жогорку Кеңешке эл өкүлү болуп бизнес чөйрөсүнөн келгем. Бул сүрөттө турган имаратты (Бишкек ш., Ибраимов көчөсү, 96) 2005-жылы жаңыдан куруп баштап, 2010-жылы бүткөнбүз. Апрель ыңкылабынан кийин «Ата-Журт» партиясынын штабы катары колдонгонбуз.

Кийин биз оппозиция болгондугубузга байланыштуу куугунтукталып, 2020-жылга чейин бул имарат толук кандуу иштебей турду.

Бирок, ошентсе да, жер жана имарат үчүн салыктарын өз убагында толук төлөп келдик.

2020-жылы президенттик штаб катары колдондум. Андан бери толук кандуу иштей баштады. Албетте, жогоруда айткандай, менин имараттарым да мурда башка бирөөлөргө катталган эле. Эми легалдаштыруу мыйзамынын негизинде өзүмө каттаттым. Мен өзүм башкаларга үлгү көрсөтөйүн деп биринчилерден болуп легалдаштырдым.

Кыскасын айтканда, бардык мүлктөрүмдүн баасы 20 миллион доллардын тегереги болот экен. Легалдаштыруу үчүн мамлекетке бир миллион сом төлөп бердим. Мыйзамдын талабы ушундай. Чет өлкөдө каткан акчаларым жок, болсо аларды да алып келип өзүбүздүн банктарга салып коймокмун.

Эми биздин бай жарандарыбызга кайрыламын.

Ушул мыйзамды пайдаланып, өз мүлктөрүңөрдү өзүңөргө каттап, легалдаштыргыла жана чет өлкөлөрдөгү банктарда катып жаткан акча каражаттарыңардын баарын биздин банктарга которгула.

Бул мыйзамдын негизинде мамлекет силердин капиталыңардын коопсуздугуна 100 пайыз толук кепилдик берет.

Акча каражаттарыңар өз өлкөбүздүн кызыкчылыгы үчүн иштесин. Мамлекетке тийген пайдасы ошол. Башка максат жок. Сурак болбойт.

Мындан ары ички инвесторлор менен чет өлкөдөн келген инвесторлор үчүн бейиштей шарттарды түзүп бергенге мамлекеттин бардык күчүн жумшайбыз»», — деп жазды мамлекет башчысы.

Количество просмотров: 135