• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

2008-жылы туулган Күмүшай Тиланова изделүүдө

12 Жалган куран 202510:45 Бишкек Govori.TV

Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмү Ош шаарынын Ш.Руставели көчөсүнүн тургуну 2008-жылы Тиланова Күмүшай Алтынбековнага издөө салат.

Апасынын берген маалыматына караганда 25-февралда саат 14:30 чамаларында Ош шаарынын А. Масалиев көчөсүндө кызы менен коомдук транспортто бирге бара жатып, кийин түшө турган аялдамага келгенде кызын таппай калган. Кызы жолдо түшүп калган. Апасы кызы 2008-жылы туулган Күмүшай Тиланова ушул күнгө чейин дайыны жок болуп жаткандыгын билдирип арыз жазган.

Өзгөчө белгилери: Жашыл курткачан, кара шымчан болгон.

Милиция изделип жаткан кыз тууралуу маалыматыңыздар болсо төмөндөгү (03222) 4-82-82, 0990 90 79 18 телефон номерлери аркылуу байланышып коюшуңуздарды суранат.

Количество просмотров: 208