• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

2010-жылдагы июнь окуясы боюнча сот отуруму жылды

11 Бугу 2023 14:26 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча соттук отурум уланды. Төрагалык кылган сот — Чыңгыз Бердимуратов.

Отурумга Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткан УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов алынып келинди.

Сотко ошондой эле мурдагы Коргоо министри Исмаил Исаков келди.

Жараянга айыпталуучу Бектур Асановдун жактоочусу Махабат Мамасалиева катышкан жок. Буга байланыштуу процесс 18-май, саат 14:00гө жылды.

Белгилей кетсек, Июнь окуясы боюнча кылмыш иши тергелип, сотко өткөнүнө бир жылга чукулдап калды. Анын алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон Убактылуу өкмөттүн төрт мүчөсү шектүү катары өтүүдө.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) 2021-жылдын жазында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын жарыялаган. Анда кылмыш иши Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун мурдагы башчысы, кооганын чыгышына күнөөлүүлөрдүн бири деп аталган маркум Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу экенин кабарлаган.

Кылмыш ишине байланыштуу былтыр 20дай саясатчы сурак берген.

Мындан 13 жыл мурун жайында, апрель окуясынан көп өтпөй Кыргызстандын түштүгүндө улуттар аралык жаңжал чыгып, анын кесепетинен 400дөн ашуун адам каза болгон.

Количество просмотров: 64