2010-жылдын апрель-июнунда жабыркагандарга төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйтүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлады.
Министрлик кабарлагандай, 2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдун өлчөмү көбөйтүлдү.
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 26-декабрь 2023-жылдагы токтомуна ылайык, кошумча социалдык жөлөк пулдардын өлчөмү 3700 сомдон 4500 сомго чейин көбөйгөн.
Бүгүнкү күндө ай сайын кошумча социалдык төлөмдөрдү алуучулардын саны 411 адамды түзөт, алардын ичинен:
18 жашка чейинки балдар – 194 адам;
майыптыгы бар адамдар — 215 адам;
ата-энелер-2 адам.