• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

2017-жылы 262 журналист куугунтуктоого кабылган

14 Бештин айы 2017 9:02 Бишкек Govori.TV

Журналисттерди коргоо комитети (CJP) шаршембиде 2017-жылы кылмыш куугунтуктоосуна 262 журналист кабылганын жарыялады. Бул рекорддук көрсөткүч болуп эсептелет. Уюмдун маалыматы боюнча куугунтуктоолорго биринчи кезекте саясий окуяларды чагылдырган кабарчылар кабылган.

Журналисттик ишмердүүлүгүнө байланыштуу беш киши Орусия, бир киши Украина, экөө – Казакстан, төртөө – Өзбекстан, он киши Азербайжан жана бирөө Кыргызстандагы түрмөдө отурат. Эң эле көп камоолор Түркияда болгон, 73 журналист темир тор артында.

Уюм Кыргызстанда журналист жана укук коргоочу Азимжан Аскаров абакта отурат деп белгилеген. Ал Базар-Коргондогу 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган, милиция кызматкерин өлтүргөн деп соттолуп, өмүр бою эркинен ажыратылган. Аскаров айыптоолорду четке каккан. БУУ жана эл аралык башка уюмдар, анын ичинде Human Rights Watch бийликтен аны бошотууну сурап келет.

Казакстанда Журналисттер биримдигинин мурдагы төрагасы Сейтказы Матаев жана анын уулу Асет камалган. Алар мамлекеттик каражатты уурдоого айыпталышкан. 2017-жылы декабрда Сейтказы Матаев эркиндикке чыккан.

Түркмөнстанда 2015-жылы Свобода радиосу менен кызматташкан журналист Сапармаммет Непескулиев тыюу салынган дары каражаттарын сактоого күнөөлөнүп, үч жылга соттолгон. Азыр анын тагдыры белгисиз. Өзбекстанда журналисттер жана укук коргоочулар Бобомурод Абдулаев, Дильмурод Саид, Хаётхан Насреддинов жана Юсуф Рузимурадов түрмөдө отурат.

Журналисттерди коргоо комитети Орусияда «Новая газетанын» штаттан тышкаркы кабарчысы, өзбекстандык Али Феруз менен украин журналисти Роман Сущенко куугунтуктоого кабылганын белгилеген.

Булак:Азаттык

Количество просмотров: 13