• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

2019-жылы Кыргызстанда бюджеттин таңкыстыгы эки эсеге азаят

15 Жетинин айы 2018 15:40 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 15.11.2018. Govori.TV
2017-жылдын жыйынтыгында өлкөнүн ички дүӊ өнүмү 520 млрд 900 млн сомду түздү. Ал эми экономиканын өсүшү болжолдонгон ченемден ашыкча деңгээлде көтөрүлдү. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеӊеште “2017-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү отчетту бекитүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди.
«2018-жылдын жаӊыртылган бюджетинин долбооруна ылайык, өлкөнүн ички дүӊ өнүмү 558 млрд 400 млн сомду түзсө, экономиканын өсүшү 2,8 пайыз деӊгээлинде болжолдонууда. Ал эми бюджеттин киреше бөлүгү 142 млрд сом көлөмүндө каралды, бул бекитилген көрсөткүчкө салыштырмалуу 1 млрд 100 млн сомго көптүк кылат. Ошондой эле, салыктык кирешелерди каржылык башкарууну жакшыртуу аркылуу 2 млрд 700 млн сомго көбөйтүү болжолдонууда. Ошентип, Өкмөттүн баардык аракети аймактарды өнүктүрүүгө жана экономикалык өсүүнүн туруктуулугун камсыз кылууга багытталып жатат»,-дейт Абылгазиев.
2019-жылы республикалык бюджеттин өсүшү 2 эсеге жогорулады. Мындай көрсөткүчтөргө эл өкүлдөрү ыраазы болуп,  ушундай темп менен уланса  өлкөдө бир топ жетишкендиктер болорун айтышты.
Буга чейин Бажы кызматынан республикалык бюджетке түшпөй келген каражаттын, быйылкы жылы толугу менен мамлекеттин казынасына түшкөнү белгилүү болгонун Акылбек Жапаров айтты.

 

Количество просмотров: 20