• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

2020-жылы өтө турган шайлоого 828 млн. сом бөлүнөт

14 Жетинин айы 2019 14:52 Бишкек Govori.TV

2020-жылы өтө турган шайлоого 828 млн. сом каралган. Бул тууралуу Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин жыйынында, өлкө бюджетин талкуулап жаткан учурда билдирди.

 Ошондой эле быйыл он жылда жүргүзүлүүчү эл каттоого 191 млн. сом бөлүнөт. Укук коргоо органдарынын реформалоого 2,3 млрд. сом каралган. Сот-укук реформасын улантууга 724,5 млн. сом каралат.

Мындан сырткары, премьер-министр жарандардын коопсуздугу үчүн жаза аткаруу мекемелерин Бишкек шаарынын четине көчүрүү иштери баштала турганын айтып, бул багытта атайын жумушчу топ түзүлүп, сунуштар даярдалып жатканын кошумчалады.

Количество просмотров: 34