• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

2022-жылы ишканалардын 67%ы пайда алса, 13 пайызы чыгым тартты

21 Жетинин айы 2022 16:59 Бишкек Govori.TV

2022-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандагы ишканалардын 67 пайызы пайда алса, 13 пайызы чыгым тартты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул аралыкта экономиканын финансы секторунун уюмдарынын кирешелеринин суммардык көлөмү 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1,6 эсеге көбөйүү менен 75 млрд сомго жакындады. Ал негизинен банк секторунун кирешелеринин өсүшү менен камсыздалды. Ушул эле мезгилде финансы секторунун уюмдарынын чыгымдары 45 млрд сомдон ашып, дээрлик 1,5 эсеге өстү.

Сальдолоштурулган финансылык жыйынтык 29,2 млрд сом пайда суммасында түзүлдү. Бул 2021-жылдын тийиштүү мезгилинин деңгээлинен эки эсеге (14,5 млрд сомго) ашты. Пайданын өсүшү чет өлкөлүк валюталар менен болгон операциялардан алынган кирешелердин көбөйүшү менен шартталды. Бул салыштырылып жаткан мезгилде алардын коммерциялык банктардагы көлөмү 8 эсеге көбөйдү.

2022-жылдын 1-октябрына карата банктардын жана банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдардын ачык кредиттик портфелинин суммардык көлөмү 227 млрд сомдон ашты. Банктык секторго кредиттердин жалпы көлөмүнүн 86 пайызы, банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдар секторуна 14 пайызы туура келди.

Кредиттөөнүн негизги багыттары соода чөйрөсү (жалпы көлөмдүн 25,3%), керектөө муктаждыктары (19,2%), айыл чарбасы (18,6%), ипотека (10,6%) жана курулуш (7%) болуп саналды.

Количество просмотров: 91