• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Акыркы 5 жыл аралыгында азык-түлүк баалары канча сомго өскөн? (графика)

1 Бирдин айы 2023 11:31 Бишкек Govori.TV

Улуттук статистика комитети тараткан айрым азык-түлүккө болгон баалар боюнча маалыматка ылайык азык-түлүк продукцияларынын баасы 2022-жылы кыйла жогорулаган.

Маалыматтан айрым эң керектелүүчү азык-түлүккө болгон баа салыштырмалуу акыркы беш жыл аралыгында кыйла эле өскөнүн көрсөк болот. Алсак, жогорку сорттогу ун 2017-жылдан бери дээрлик 21 сомго кымбаттаса, уй эти 200 сомго ал эми көтөрүлсө, жумурткага болгон баа 1,5 эсеге өскөн.

Жалпысынан алганда Кыргызстанда 2022-жылы азык-түлүк товарлары 17,1%, азык-түлүк эмес товарлар 12,7% кымбаттап, кызмат көрсөтүүлөрдүн өзүнүн тарифтери 9,1% өскөн.

Ал эми 2021-жылдын декабрь айынан 2022-жылдын декабрь айына чейин өлкөдө керектөө баалары жана тарифтери 14,7% көтөрүлгөн.

Алсак, 2022-жылы пияздын баасы кескин өзгөрүп жай айларында жыл башына салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көтөрүлгөн. Жыл соңунда кайрадан ылдыйлаган менен 2023-жылдын башында эле пияздын баасы кайрадан асман чапчып, өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу 50 сомго көтөрүлгөн.

Бул арада Кыргызстандын аймагынан пияздын бардык түрүн чек өлкөгө алып чыгууга убактылуу тыюу салынды. Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча пиязды экспорттоого тыюу 2023-жылдын 31-январынан тарта үч айга чейин күчүндө болот.

Кошумчалай кетсек, 2022-жылдын эсеби боюнча, Кыргызстанда бир айлык жашоо минимуму 7178 сом деп белгиленген.

Количество просмотров: 131