• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

2022-жылы Орусияга борбор азиялык мирганттардын агымы кескин көбөйгөн

21 Бирдин айы 2023 17:25 Бишкек Govori.TV

«КоммерсантЪ» басылмасынын маалыматына караганда, 2022-жылы Орусияга 3,47 миллион чет өлкөлүк иштегени барган. Бул андан мурдагы жылга салыштырмалуу 871 кишиге көп.

Басылманын билдирүүсүндө өткөн жылы Орусияга баарынан да өзбекстандык мигранттардын агымы көбөйгөнү белгиленген – 35,1% же 377,7 миңге. Мындан тышкары Тажикстандан (51,8% же 336,7 миңге), Кыргызстандан (17,7% же 84,6 миңге), Казакстандан (118,3% же 62 миңге), Азербайжандан (21,1% же 16,6 миңге), Вьетнамдан (9 эсеге же 8 миңге), Молдовадан (87,7% же 4,1 миңге), Түркиядан (12,9% же 2 миңге), Түркмөнстандан (дээрлик 100 эсеге же 1,6 миңге) жана Кытайдан (12,2% же 1,3 миңге) баргандар көп катталган.

Ошол эле маалда басылма өткөн жылы Орусияга кайсы өлкөлөрдөн мигранттардын агымы азайганын жазган – Армения (8,7%), Украина (52,3%), Сербия (19,8%), Германия 19,3%), Франция (22,2%), Италия ((20%), АКШ (29,5%), Чехия (47,8%), Австрия (36,4%) жана Нидерланды (37%).

Орусиянын мигранттар эң көп аймактары катары Москва менен Подмосковье (40%) көрсөтүлгөн. Мындан тышкары чет өлкө жарандары Санкт-Петербург шаарында, Ленинград, Иркутск, Свердлов, Амур облустарында, Краснодар, Красноярск, Приморье аймактарында жана Татарстанда көп катталган.

Количество просмотров: 94