Финансы министрлиги мамлекеттик бюджеттин 2023-жылдын январь-ноябрь айларындагы аткарылышы тууралуу берген маалыматына ылайык Кыргызстандагы «Коопсуз шаар» долбооруна төгүлгөн айыппулдардан бюджетке 392 млн 403 миң сом түшкөн.
Мындан тышкары аталган долбоорго төлөнгөн айыппулдардын туум, финансылык санкциялардын суммасы 98 млн 299 миң сомго жеткен.
Кыргызстанда жол кыймылын көзөмөлдөө үчүн “Коопсуз шаар” долбоору 2019-жылы иштей баштаган. Ага ылайык Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарларга, Бишкек-Торугарт, Бишкек-Ош автожолдорунун боюна камералар орнотулган.