• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

2025-жылды ыш менен күрөшүү жылы деп жарыялоо сунушталды

27 Жетинин айы 202417:23 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева Кыргызстанда 2025-жылды ыш менен күрөшүү жылы деп жарыялоо сунушун берди.

“Бишкектеги ыштан дем ала албайсың. Сиз Коопсуздук кеңешинде, массалык маалымат каражаттарында маселе көтөрсөңүз. Элдин ден соолугу деп Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги болуп иш-чара уюштурганыңарды уккан жокмун. Ушул ыштын айынан эмне деген гана оорулар чыгып атат”, – деди ал.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ыштын таасири боюнча эки жылдан бери изилдөө жүрүп жатканын белгиледи. Ал ошондой эле ыш респиратордук оорулардын күч алышына таасир этип жатканын, бул багытта мамлекеттик программа боюнча иш жүрүп жатканын кошумчалады.

Теги:
Количество просмотров: 143