• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Макмалда өткөн башаламандыкдын зыяндын суммасы 2,3 млн АКШ долларын түзгөн

23 Бугу 2018 8:38 Бишкек Govori.TV
Бишкек.23.05.2018.Govori.TV.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 22-майда «Жи Эл Макмал Девелопинг» ЖЧКсынын жетекчилиги менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жолугушуу учурунда тараптар 2018-жылдын 11-апрелинде Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылында «Жи Эл Макмал Девелопинг» ЖЧКсынын алтын өндүрүүчү фабрикасынын аймагында болгон өрттөө окуяларын талкуулашты. Компаниянын жетекчилигинин маалыматы боюнча болжолдуу зыяндын суммасы 2,3 млн АКШ долларын түзгөн.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов окуяны тергөөнүн жыйынтыктарын күтүп, башаламандыктардын уюштуруучуларын аныктоо зарылдыгын белгиледи.

«Чет элдик инвесторлор менен натыйжалуу кызматташуу биз үчүн принципиалдуу мааниге ээ. 11-апрелде болгон жагдайды тергөө менин жеке көзөмөлүмдө турат. Бул маселе боюнча бардык аракеттер тек гана мыйзамдын алкагында жүрүшү керектигин баса белгилейм», – деди вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.

Жолугушуунун жыйынтыгында «Жи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын өкүлдөрү мындан ары да Кыргызстанга инвестицияларды тартууга ниеттенишерин билдиришти.

11-апрелде Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда «Жи Эл Макмал Девелопинг»компаниясынын ишмердигине каршы жергиликтүү тургундар нааразылык акциясына чыгышкан. Ички иштер министрлиги (ИИМ) акция учурунда ишканага таандык, жаңы курулуп жаткан имарат өрттөлгөнүн кабарлаган. Чогулгандар тартип сакчыларына да таш ыргытып, Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, эки милиция кызматкери жабыркаганы маалымдалган.

Бул боюнча ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси («Ээнбаштык») жана 174-беренеси («Бирөөнүн мүлкүн атайын өрттөп жок кылуу») менен кылмыш ишин козгоп, 15 киши кармалган.

20-апрелде УКМК «Жи Эл Макмал Девелопинг»ЖЧКсына алтын бөлүп алуу фабрикасын курууга уруксат берүүдөгү мыйзам ченемдерин бузуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. «Жи Эл Макмал Девелопинг» фабриканы 2017-жылы кура баштаган.

Булак: centralasian.org

 

Количество просмотров: 38