• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

5 реабилитациялык борбордо балдардын тамагына кеткен чыгымдын ченемдери жогорулатылат

29 Теке 2022 15:55 Бишкек Govori.TV

5 реабилитациялык борбордо балдардын жана өспүрүмдөрдүн тамак-ашына каралган чыгымдардын акчалай ченемдери 100%га жогорулатылат. Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин мүчөлөрү тарабынан кезектеги жыйында кабыл алынды.

Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков белгилегендей, бул чечим айрым саламаттык сактоо уюмдарында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жана психоневрологиялык оорулары бар балдардын тамактануу сапатын жана рационун жакшыртууга багытталган.

Учурда Чүй облустук ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды жана өспүрүмдөрдү реабилитациялоочу «Максат» борборунда, Жалал-Абад облустар аралык «Бакыт» реабилитациялык борборунда, Базар-Коргон райондор аралык реабилитациялык борборунда, «Родничок» балдардын психоневрологиялык реабилитациялык борборунда, Ош шаарындагы кыймыл таяныч тутумундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборунда акчалай тамак-аш нормалары 110 сомду түзөт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Айрым социалдык мекемелердин тамак-ашына чыгымдардын акчалай нормаларын жогорулатуу жөнүндө» Жарлыгына ылайык, 5 реабилитациялык борбордо балдардын тамак-ашына кеткен чыгымдын ченемдерин жогорулатууга республикалык бюджеттен кошумча 11 млн 781 миң сом бөлүнөт.

Количество просмотров: 155