Кыргыз-тажик чек ара кагылышуусунда Лейлек районунун талкаланып, өрттөлгөн турак жайларын жана социалдык объектилерди кошкондо 1 миллиард 457 миллион сом зыян келтирилген. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Баткендин башчысы Абдикарим Алимбаев Максат айылында жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышып, жашоочулар менен жолукту.
Иш-чарада Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Марат Хажиматов ошол тапта Лейлек районундагы жабыркаган айылдарда 11 тергөө тобу түзүлүп, 35 тергөөчү иштегенин билдирди. Анын айтымында, учурда 10 тергөөчү ишмердүүлүгүн улантууда.
Эске сала кетсек, 29-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыккан куралдуу жаңжалдын кесепетинен Лейлек районундагы Максат айылында 89 турак үй менен кошо мектеп, бала бакча, ФАП жана милиция бөлүмү өрттөлгөн. Борбордук айылында дагы жарандардын турак үйлөрү менен кошо дүкөндөр, чакан ишканалар, ал эми Арка айылы менен Борбордук айылынын ортосундагы аралыкта жайгашкан 10дон ашуун күйүүчү май куюучу жай өрттөлүп, талкаланган. Аталган аймактан 16 унаа уурдалып, 3 унаа кайтарылган. 5 унаа өрттөлүп, төрт унаа талкаланып, жараксыз абалга келген.