Бишкекте 29-апрелден тарта №216 автобус каттамы иштеп баштайт.
Муниципалитеттен кабарлашкандай, буга чейин аталган каттамда кичи автобус иштеп келген. Мындан ары ушул эле каттам номуру менен автобус жүрө баштайт.
Акыркы аялдама “Ак-Өргө” жаңы конушунда жана “Аламедин-1” кичи районунда жайгашат. Күн сайын 26 даана автобус пландык чыгууну аткарат. Аралыгы 7-10 мүнөттү түзөт.