• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Өзбекстанда бүтүрүү кечелерин кафе-ресторандарда өткөрүүгө тыюу салынды

14 Бугу 2024 17:57 Бишкек Govori.TV

Өзбекстанда мектеп окуучуларына бүтүрүү кечелерин кафе-ресторандарда өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу өлкөнүн Мектеп жана мектепке чейинки билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлик «Акыркы конгуроону» 25-майда саат 8:00дөн 9:00гө чейин мектептерде өткөрүүнү сунуштады. Ага 1, 4, 9, 11-класстын окуучулары, ошондой эле райондун активисттери, ата-энелер, укук коргоо органдары гана тартылат. Иш-чарада өрт коопсуздук эрежелерин сактоо керек.

Ошол эле учурда окуу жылынын аягында ресторандарда, кафелерде жана батирлерде «Бүтүрүү кечелерин» өткөрүүгө тыюу салынат. Мындан тышкары окуучулардан акча чогултууга, автосаякаттарды уюштурууга чектөө киргизилди.

Буга чейин Кыргызстанда да Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде бүтүрүү кечелерин уюштуруу, мугалимдерге белек берүү үчүн акча чогултпоо керектигин эскерткен.

Количество просмотров: 69