• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Президенттин маалымат саясатында коммуникация жок

1 Чын куран 2023 12:58 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 31-мартта Кыргызстан медиаларынын аракет Платформасы кайрылып, Сөз эркиндиги – Ынтымак паркындагы бак-дарактар үчүнбү?»,-деп нааразычылыктарын билдиришкен.

Кайрылуу өлкөнүн бийлик өкүлдөрүнө багытталып анда, сөз эркиндигинин абалы, ага болгон басым тууралуу айтылат. Жана ошондой эле 1-апрелде өтө турган ишембиликте бак олтургузуу менен сөз эркиндигинин көйгөйүн чечүүгө болбой турганын белгиленген.

Буга карабай, ишембилик өткөргөн Президенттин маалымат саясатынын ишембилигинде дээрлик мамлекеттик ЖМК өкүлдөрү гана жүрүштү.

Көз карандысыз медиалардан баргандар иш-чараны чагылдыруу үчүн баргандай болду. Анткени Президенттин маалымат саясатынын башчысы Дайырбек Орунбеков айткандай коммуникация болгон жок.

Айтылганда көз карандысыз ЖМК дарды, сөз эркиндигин колдогондой түр көрсөткөн менен, иш жүзүндө тескерисинче кысым болуп жатканын бүгүнкү ишембиликке жалаң гана мамлекеттик ММКнын катышып жатканы, анын дагы бир далили десек болчудай.

Количество просмотров: 85