• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Журналисттер менен коммуникаторлорду бириктирген ишембилик өтүүдө

1 Чын куран 2023 10:14 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1 — апрелде, «Жашыл Мурас» улуттук кампаниясынын алкагында Бишкек шаарынын «Ынтымак» паркында аллеяга «сөз эркиндиги» аталыштагы бак-дарактарды отургузуу боюнча экологиялык акция өтүүдө.

Экологиялык акцияга мамлекеттик жана көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык донор уюмдардын коммуникаторлору, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын басма сөз кызматтарынын кызматкерлери катышууда.

Иш-чара журналисттерди жана коммуникаторлорду бириктирүү, медиа чөйрөдөгү жаңы чакырыктарды жана идеяларды формалдуу эмес жагдайда талкуулоо максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматы тарабынан уюштурулган.

Количество просмотров: 152