• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

«Сөз эркиндиги – Ынтымак паркындагы бак-дарактар үчүнбү?». Кыргызстан медиаларынын аракет Платформасы кайрылуу жолдоду

31 Жалган куран 2023 15:59 Бишкек Govori.TV

«ЖМКга — соттор, журналисттерге – өкүмдөр, блогерлер – СИЗОГО, жарандарга тыюу салуу!
Сөз эркиндиги – Ынтымак паркындагы бак-дарактар үчүнбү?». Бул тууралуу Кыргызстан медиаларынын аракет Платформасы тараткан кайрылууда айтылат.

Кайрылуу өлкөнүн бийлик өкүлдөрүнө багытталып анда, сөз эркиндигинин абалы, ага болгон басым тууралуу айтылат. Жана ошондой эле 1-апрелде өтө турган ишембиликте бак олтургузуу менен сөз эркиндигинин көйгөйүн чечүүгө болбой турганын белгиленген.

Кайрылуунун тексти толугу менен төмөндө беребиз:

Бийлик президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн аракеттери менен КР Конституциясынын сөз эркиндиги жана ой пикирлердин плюрализми боюнча беренелерин ким колдоно алаарын аныктады. 1-апрелде ишембилик өтүп, борбор калаанын сейил багына бак-дарактар отургузулат. Сейил бакта экологиялык долбоордун алкагында «сөз эркиндиги» аллеясы пайда болмокчу. Кыргызстандын өзүнчө бир аймагындагы “сөз эркиндигинин” символу катары отургузулган бак-дарактар өз оюн эркин айта алышат жана жазалоодон коркушпайт.
Ошол эле маалда “Азаттык медиага” каршы сот процесстери уланып, уюмдун сайты жана эсептери бөгөттөлүп турат. Троль фабрикалари социалдык тармактарда көз карандысыз маалымат каражаттарына, журналисттерге жана блогерлерге карата куугунтуктоо кампаниясын жүргүзүп келе жатышат. Жарандык активисттерди посттору жана билдирүүлөрү үчүн айып төлөөгө мажбурлашууда. Материалды кайра басып чыгарганы үчүн Next TV телеканалынын башкы директору Таалайбек Дүйшөнбиев үч жылдык пробациялык мөөнөт менен беш жылга эркинен ажыратылды. Кыргызстандын жараны, журналист Болот Темиров өлкөдөн чыгарылды.
Көз карандысыз медиа коомчулук мамлекетке көп жолу жардам жана колдоо көрсөтүп, Кыргызстандын Баткен окуясындагы позициясын чагылдырып, эл аралык коомчулукка чек ара аймактарындагы чыныгы абал тууралуу маалымат жеткирип, билим берүү, саламаттыкты сактоо, экономика, экология тармагындагы жана коомдогу абал тууралуу объективдүү маалымат берип келген.
Көз карандысыз ЖМК мамлекеттик органдарга укуктук ченемдик документтерди иштеп чыгууга да көмөк көрсөтүштү, мыйзамдарды инвентаризациялоого катышты, диалог түзүү максатында алар «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» жана «Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоорлору боюнча жумушчу топторго кирди. Мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуучулар менен тегерек столдорду, дебаттарды, талкууларды өткөрүп келишти.
Бирок, КР Президентинин администрациясы тарабынан сунушталган ЖМК жөнүндө мыйзам долбоору көз карандысыз маалымат каражаттарынын жашоосуна жана сөз эркиндигинин болушуна коркунуч келтирет. “Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору жана депутат Н. Нарматованын мыйзам чыгаруу демилгелеринин топтому, коомдук уюмдарды жана жалпыга маалымдоо каражаттарын дискриминацияга алып келүүчү ченемдерди түзүүгө аракет кылууда. Учурдагы “Анык эмес/жалган маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам ЖМК ишмердүүлүгүн эч кандай соттук териштирүүлөрсүз токтотууга мүмкүндүк берет.
Кыргызстанда сөз эркиндиги үчүн шарттарды түзүүгө ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү төмөнкү учурларда өз милдеттерин аткара алат:

  • жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө мыйзам долбооруна карата медиа сектордун сунуштарын кабыл алганда;
  • КЭБӨУлар жөнүндө мыйзам долбооруна карата жарандык коомдун сунуштарын кабыл алганда;
  • «Анык эмес/жалган маалыматтардан коргоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө көмөк көрсөткөндө;
  • жалпыга маалымдоо каражаттарына, журналисттерге, блогерлерге, жарандык активисттерге кысым көрсөтүүлөрдү токтотууга жардам бергенде;
  • социалдык тармактарда троль фабрикаларынын токтошуна жардам бергенде;
  • сот бийлигин адилетсиз чечимдерди өзгөртүүгө чакырганда.

Сөз эркиндигин Кыргызстанга кайтарып бере турган бийликтин мындай кадамдарын көз карандысыз медиа коомчулук кубаттайт.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелери менен кепилденген сөз эркиндиги — мамлекеттин бардык аймагында, мезгилдин кандай гана учуру болбосун иш жүзүндө иштеп туруусу зарыл.

Болгону 1-апрель күлкү күнү парктын бир аллеясында гана ишке ашуусу акылга сыйбаган иш.

Количество просмотров: 176