• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

24.kg маалымат агенттиги башка колго өттү

18 Жалган куран 2024 9:57 Бишкек Govori.TV

24.kg маалымат агенттигинин башчысы алмашты. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин сайтында маалымдалат.

Андагы маалыматка ылайык, 24.kg агенттигинин жетекчиси катары NazarNews агенттигинин журналисти Гүлжан Шерипбаева жазылган.

Азырынчы агенттиктин жетекчилиги кайсы себеп менен алмашканы тууралуу расмий маалымат жок, ал эми Гүлжан Шерипбаева так маалымат 2-3 күндүн аралыгында чыгарын айткан.

Белгилей кетсек, атайын кызмат 24.kg агенттигинин кеңсесине мөөр басып, техникасын алып кеткен. Маалымат агенттигинин жетекчиси Асел Оторбаева порталдын айланасындагы иштер боюнча Улуттук коопсуздук мамлекетик кызматынын төрагасы Ташиевге кайрылган. Анда 24.kg агенттигинин кеңсесинин жабылышы журналисттердин кесиптик ишмердигине кедергисин тийгизери, алар өз милдеттерин толук кандуу аткара албай турганы жазылган.

15-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери Бишкекте 24.kg агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, техникасын алып кетип, директору Асел Оторбаеваны, башкы редакторлор Махинур Ниязова менен Антон Лымарды суракка алган.

Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси боюнча тергелип жатат. Атайын кызмат иш кайсы материал же маалымат боюнча ачылганын тактай элек.

24.kg агенттиги Кыргызстандагы көз карандысыз медиалардын катарында 18 жылдан бери иштеп келет.

Ал эми айрым маалымат булактары 24.kg басылмасынын кожоюну деп экс-депутат Жаныбек Бакчиевди жазып келишчү. Буга себеп басылманын кеңсеси жайгашкан Red Centre борбору экс-депутатка таандык экени айтылган маалыматтар болгон. Бакчиев кармалгандан кийин, 27-октябрда редакция ал жерден башка жакка көчүп жатканын кабарлашкан.

Сайттын башкы директору Асел Оторбаева Бакчиев менен дос болгонун ырастап, бирок ал эч качан медиага ээлик кылбаганын айткан болчу. Ал басылманы өзү нөлдөн негиздеп, 18 жылдан бери аны өзү гана иштетип келерин билдирген.

УКМК Жаныбек Бакчиевди былтыр 25-октябрда кармаган. Атайын кызмат анын иши тууралуу деталдуу маалымат бере элек. Биринчи Май райондук соту ага Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен айып тагылганын кабарлаган.

Ал эми соттун 14-марттагы чечими менен Жаныбек Бакчиев ден соолугуна байланыштуу эч жакка чыкпоо тилкаты менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайынан чыгарылган.

Количество просмотров: 426