• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

24.kg агенттигинин тергөөчүнүн аракетине каршы арызы сотто каралды

6 Бирдин айы 2024 13:16 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-февралда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 24.kg маалымат агенттигинин тергөөчүнүн аракетине каршы арызы каралды.

Отурумга ЖМК өкүлдөрү киргизилген жок.

«24.kg тинтүү учурунда жактоочулардын киргизилбегенин, кеңсеге кирип иштөөгө мүмкүнчүлүк берүү сыяктуу даттануу менен сотко кайрылган. Бирок канааттандырылган жок», — деди адвокат Нурбек Сыдыков

Атайын кызмат 15-январда 24.kg агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, мөөр басып кеткен. Кылмыш иштин алкагында кеңседеги компьютерлер, ноутбуктар, электрондук каражаттар жана кылмыш иши үчүн маанилүү делген башка буюмдар алынганы кабарланган.

24.kg маалымат агенттигинин директору Асел Оторбаева жана сайттын редакторлору Махинур Ниязова менен Антон Лымарь 15-январда УКМКга сурак беришкен. Алар Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси менен козголгон кылмыш ишинде күбө катары суралганын, маалыматтарды ачыкка чыгарбоо катына кол коюп бергенин айтышкан.

Кийин Оторбаева редакциянын кеңсесин ачып, мүлкүн камактан чыгарып, кайтарып берүү өтүнүчү менен УКМКга кайрылган. Бирок канааттандырылган эмес.

Количество просмотров: 58