• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

УКМК «24.kg» агенттигиндеги тинтүү боюнча маалымат таратты

15 Үчтүн айы 2024 15:03 Бишкек Govori.TV

УКМК «24.kg» маалымат агенттиги боюнча маалымат таратып, иш козголгонун билдирди.

Атайы кызмат тараткан маалымат боюнча, 15-январында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында кылмыш иши козголгон.

«КР Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренеси («согушту пропагандалоо») боюнча кылмыш иши козголуп, «24.kg» маалымат агенттигинин кеңсесинде тинтүү иштери жүргүзүлдү. Тинтүү учурунда компьютерлер, ноутбуктар, электрондук алып жүрүүчүлөр, ошондой эле кылмыш ишине тиешеси бар башка буюм далилдери алынган», — деп жазылат маалыматта.

Кошумчалангандай, учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, бүгүн УКМК кызматкерлкери Бишкекте 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесин тинтүүгө алып, имаратка мөөр басып, компьютер процессорлорун алып кетишкен. Ошондой эле УКМК кызматкерлери басылманын башкы директору Асел Оторбаева менен редактору Махинур Ниязованы алып кетишкен.

Количество просмотров: 81