• Жума 26 Теке 2024
  • Пятница 26 Июль 2024

24.kg агенттигинин жетекчиси Ташиевге кайрылуу жасады

1 Бирдин айы 2024 10:36 Бишкек Govori.TV

24.kg маалымат агенттигинин жетекчиси Асел Оторбаева порталдын айланасындагы иштер боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасады.

Кайрылууда 24.kg агенттигинин кеңсесине мөөр басылып жабылганы журналисттердин кесиптик ишмердигине кедергисин тийгизери жазылган.

“Кызматкерлер үй-бүлөлөрүн багышат, көпчүлүгүнүн насыялары бар. Агенттиктин ишине коюлган чектөөлөр 24.kg порталынын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөө жана төлөө боюнча келишимдерде каралган милдеттердин өз убагында аткарылышына таасирин тийгизиши мүмкүн”, — деп айтылат кайрылууда.

Атайын кызмат 15-январда 24.kg агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, мөөр басып кеткен. Кылмыш иштин алкагында кеңседеги компьютерлер, ноутбуктар, электрондук каражаттар жана кылмыш иши үчүн маанилүү делген башка буюмдар алынганы кабарланган.

24.kg маалымат агенттигинин директору Асел Оторбаева жана сайттын редакторлору Махинур Ниязова менен Антон Лымарь 15-январда УКМКга сурак беришкен. Алар Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси менен козголгон кылмыш ишинде күбө катары суралганын, маалыматтарды ачыкка чыгарбоо катына кол коюп бергенин айтышкан.

Количество просмотров: 80