• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

24 жылдан бери 80 гектар жерге салык төлөнгөн эмес

25 Аяк оона 202417:57 Бишкек Govori.TV

Аянты 80 гектардан ашык, базар баасы 257 миллион 979 миң сомду түзгөн жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, 1998-жылы «Мидас» дыйкан чарбасынын төрагасы М.И.Ж. Сокулук райондук администрациясынын токтомунун негизинде Сокулук районунун Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнөн жер үлүшүн алган. «Мидас» дыйкан чарбасы аталган жер тилкесин эч кандай документтери жок пайдаланып, 2000-жылдан бүгүнкү күнгө чейин айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине эч нерсе төлөгөн эмес.

М.И.Ж. жер тилкесин өз ыктыяры айыл өкмөткө өткөрүп берди.

Количество просмотров: 184