• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Жапаров: Биз Борбор Азияда аналогдору болбогон курал-жарактардын жаңы түрлөрүн сатып алдык

13 Кулжа 2023 13:37 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында сүйлөгөн сөзүндө, «Борбор Азияда азырынча андай аналогдору болбогон курал-жарактардын жаңы түрлөрүн сатып алдык» деп билдирди.

«Дүйнө жүзүндө болуп жаткан чакырыктар менен коркунучтардын маалында өлкөбүздүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуубуз өтө маанилүү! Сиздер билгендей, мамлекетибиздин коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттырууга чоң күч жумшап, бир топ иштерди жүзөгө ашырып жатабыз.
Акыркы 30 жыл ичинде биринчи жолу чек арабызды жана биздин жарандарыбызды коргоо үчүн зарыл болгон заманбап куралдарды өзүбүз сатып алдык. Бул бир гана “Байрактар” учкучсуз учуучу аппараттары эмес, башкалары да бар. Анын ичинде биз өнөктөш жана союздаштарыбыздан Борбор Азияда азырынча андай аналогдору болбогон курал-жарактардын жаңы түрлөрүн сатып алдык.
Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин муктаждыктары үчүн «Airbus» маркасындагы 2 жаңы тик учак алдык. Коргоо министрлиги үчүн бюджеттик каражаттардын эсебинен 5 тик учак капиталдык ремонттоодон өтүп, андан тышкары жаңы “Ми-17 В5” тик учагы сатып алынып, кошумча дагы “Ми-17” маркасындагы тик учагын сатып алуу пландалган.

Мамлекетибиздин коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыруунун алкагында аба чабуулунан коргонууну камсыз кылууга жардам бере турган “Печора” модернизацияланган мобилдүү зениттик-ракеталык комплекс сатылып алынды. Ушул сыяктуу жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Россия Федерациясы менен аба чабуулунан коргонуунун бириккен региондук системасын түздүк.

Муну эми башталышы гана деп атасак болот.

Биз Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун ажырагыс бөлүгү катары мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун үстүндө талыкпай иштөөнү уланта беребиз. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасы тынчтыкты сүйгөн өлкө экендигин өзгөчө белгилеп кетким келет. Биз кайсы бир башка өлкөгө кол салуу максатын көздөбөйбүз, андай ниетибиз да жок, андай пландарды дагы койбойбуз.

Кандай гана чыр-чатак болбосун, аны алдын алууга же бир гана дипломатиялык жол менен чечүүгө болот деп эсептейм. Биз ички жана тышкы саясатта дал ушул принципти карманабыз.
Ошол эле учурда, бизге карата куралдуу агрессия көрсөткөндөр болсо, анын кесепетинен жарандарыбыз курман болуп жатса, үйлөрүбүз жана башка инфратүзүмдөрүбүз талкаланып өрттөлүп жатса, биз андайга жөн гана байкоо салып отура албайбыз. Биз кандай гана агрессор болбосун, тиешелүү жооп кайтарууга даярбыз», — деди президент.

Количество просмотров: 48