Кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз түрдө 25 миллион сомдук уюлдук телефон аппараттарын чыгарып кетүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, Мамлекеттик чек ара кызматы менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы биргеликте чек ара бекетинен Lexus GX470 автоунаасын токтоткон. Текшерүү учурунда 6-сериядагы iPhone, iPhone SE, Samsung Z, Xiaomi Redmi 9, Xiaomi POCO Х9 үлгүсүндөгү кымбат баалуу смартфондор табылган.
Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, тергөө иштери жүрүүдө.