• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

25-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

24 Чын куран 2020 15:45 Бишкек Govori.TV

25-апрелде түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 20…25;

Талас жергесинде түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 19…24;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жана түшкө чейин жаан-чачын жаабайт, кечинде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 23…25 градус болот.

Количество просмотров: 210