• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

25-майдан тарта кафе, ресторандар жаңы шарттар менен иштеп баштайт

23 Бугу 2020 18:15 Бишкек Govori.TV

25-майдан тарта Бишкекте экономикалык ишмердүүлүк жандангандыктан коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүнүн жоопкерчиликтүү жана эӊ коркунучтуу этабы башталат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү онлайн маалымат жыйында мэр Азиз Суракматов билдирди.

«Бүгүнкү күнгө чейин өкмөт өзүн-өзү изоляциялоонун катаал шарттарында, коменданттык саат, өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режимдерин киргизүү менен COVID-19 вирусунун жайылышын кармап тура алды. Азыр болсо бизнестин, шаар тургундарынын жана бийликтин өз ара жоопкерчиликтүү этабы башталууда», — деди ал.

Мэр бардык чарбалык субъекттерди жана менчик формасына карабастан бардык жетечилерди, өзгөчө соода борборлорунун, транспорттук уюмдардын, спорттук залдардын жана базарлардын жетекчилерине эгерде алардын объекттеринде COVID-19 вирусунун жайылышынын очогу же борбору аныкталса, мыйзамга ылайык жоопкерчилик каралганын эскертти.

Ошондой эле мэр кошумчалагандай, 25-майдан тарта тамактануучу жайлар, анын ичинде жайкы кафе жана ресторандар иштеп баштайт. Анын айтымында, андагы орундар 50дөн ашпашы керек. Кардарлар жана столдор арасында 1,5-2 метр аралык сакталышы зарыл. Аталган жайларга баргандар киргенде жана чыгып жатканда бет кап тагынып, дезинфекцияланышы керек.

Количество просмотров: 36