Бишкек шаарынын Ленин районунда капиталдык оңдоодон кийин Лущихин көчөсү ачылды.
Маалыматка ылайык, жумуштар Лев Толстой көчөсүнөн тартып, узундугу 600 метрлик тилкеде аткарылды. Капиталдык оңдоонун жүрүшүндө жаңы асфальт-бетон төшөлүп, заманбап ирригациялык система орнотулду, ошондой эле жөө жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуу жана коопсуз кыймылы үчүн тротуарлар салынды.
Асфальт-бетон төшөө жана курулуш-монтаждоо иштерин “СУ-4 Кара-Балта” ЖЧКсы ишке ашырды.