Жогорку Кеңештин кайра шайлоосуна катышуу ниетин 25 партия билдирди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
«2020-жылдын 23-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына 2020-жылдын 20-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген 25 саясий партиядан билдирме келип түштү»,-деп айтылат маалыматта.
Шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялардын тизмеси:
Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 21-октябрдагы жыйынында Жогорку Кеңешке кайра шайлоону 20-декабрда өткөрүү тууралуу сунуш бир добуштан кабыл алынган. Бирок 23-октябрда Жогорку Кеңеште Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү, парламенттик кайра шайлоону токтото туруу жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынып, парламенттик шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен, конституциялык реформадан кийин өткөрүлүшү керектиги белгилүү болду.