• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

25 жаштагы кыз Бурана мунарасынан кулап каза болду

2 Кулжа 2022 11:34 Бишкек Govori.TV

Бурана мунарасынан кулап кеткен кыз каза болуп калды. Бул тууралуу маалыматта Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 30-майында Чүй ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Бурана мунарасынан кыз кулап кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Алынган маалыматка негизинде ыкчам-тергөө тобу дароо барып, ал жерде 1997-жылы туулган С.М. аттуу кыздын каза болуп калганы аныкталган.

Бул факт Чүй РИИБдин маалыматтарды каттоо китепчесине катталган.

«Тергөөгө иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери бул окуянын күбөлөрүн жана кызматкерлерин суракка алганда алар кыз жалгыз келгенин, эч ким жок учурда мунарага чыгып кеткенин, андан соң анын жансыз денесин көрүшкөнүн түшүндүрүшкөн. Милиция кызматкерлери каза болгон кыз Ыссык-Ата районунун аймагында жашагандыгын аныкташкан.

Учурда иштин жагдайларын тактоо үчүн бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 1363