Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев анын атына жамынып «пара алган элчи» камакка алынарын билдирген.
Бүгүн, 22-ноябрда УКМК маалымат каратып, Ташиев сөз кылган мурдагы элчинин иши боюнча маалымат берди.
УКМКнын маалыматына ылайык, Кыргызстандын Америка жана Канададагы мурдагы элчиси Бактыбек Аманбаевдин үстүнөн түшкөн арызга байланыштуу кылмыш ишин тергөө башталган.
«Арыз ээсинин маалыматы боюнча, Б.Аманбаев УКМКнын төрагасы менен байланышы бар экенин айтып, арыз ээсинин тууганына козголгон кылмыш ишке байланыштуу маселени чечип берүүнү убадалаган. Тергөөнүн жүрүшүндө Б.А.нын тууганы менен Б. Аманбаевдин ортосунда өз ара карыз милдеттенмелери болгонун, башкача айтканда Б.Аманбаев тарабынан опузалоо болбогондугу аныкталды. Учурда аталган 250 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаты арыз ээсине кайтарылды. Буга байланыштуу Б.Аманбаевге карата арыздануучудан каршы билдирүү түшкөн. Тактап айтканда, Б.Аманабаевдин аракетинде эч кандай кылмыштын белгилери жок», — деп айтылат УКМКнын маалыматында.
Кошумчалангандай, учурда УКМК тарабынан арыз ээси Б.А.нын өзүнө карата кылмыш жасагандыгы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо фактысы боюнча материалдар өзүнчө бөлүнгөн. Бөлүнгөн материалдарды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча арыз ээсинин аракеттерине юридикалык баа берилет.