• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

№26 абактын жетекчи орун басары катышкан кырсык боюнча кылмыш иши козголду

18 Теке 20229:30 Бишкек Govori.TV

ЖАМК кызматкери Балыкчы — Ананьево — Каракол жолунда токтоп турган эки патрулдук машинаны коюп кетти. Бул тууралуу ЖКККББ билдирди.

Жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын берген маалыматына караганда, кырсык таңкы саат 7:00 чамасында болгон. «Балыкчы-Ананьево-Каракол» унаа жолунда келаткан «Киа Рио» унаасынын айдоочусу Кара-Ой айылындагы партрулдук милициянын имаратынын алдында турган кызматтык «Равон Нексия» унаасын сүзгөн.

Түнкү нөөмөттөн жаңы кайтып келип, унаадан түшкөнү жатышкан 3 жол тескөөчү жеңил жаракат алып, Чолпон-Ата шаардык ооруканасына кайрылышкан.

«Киа Рио» унаасынын айдоочусу Молдовановка айылындагы №26 түзөтүү мекемесинин башчысынын орун басары, экени, ошол маалда катуу мас болгону кабарланды.

Окуя боюнча кылмыш иши козголду.

Количество просмотров: 452