• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

26 күндөн бери дайынсыз. Бишкекте 32 жаштагы Шаршенбек уулу Улукбек изделип жатат

28 Бештин айы 2022 12:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында 1990-жылы туулган Шаршенбек уулу Улукбек изделип жатат. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден кабарлады.

Маалыматка караганда, 20-декабрда милицияга анын жубайы кайрылып, жолдошу акыркы жолу 2-декабрда байланышканын, «С легким паром!» мончосунда экенин айтканын, ошондон бери дайынсыз болуп жатканын айткан.

Белгилери: бою 180-185 сантиметр, чачы кара, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийими: кара куртка, кара шым, күрөң водолазка, кара ботинка.

Сүрөттөгү жаранды көргөндөр болсо, 0 (500) 60-70-67 номуруна кайрылсаңар болот.

Количество просмотров: 6522