• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

ИИМ: «Чет элдиктер бала жеди» деп видео тараткандар изделип жатат

14 Үчтүн айы 2020 12:10 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарга «Кыргызстанда иштеген кытайлыктар бала жеген жер табылды» деген жалган видео тараткандар изделип жатат. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришинче бул тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт.

Эске салсак, интернетте буга чейин видео тарап, талкууга алынган. Анда тоолуу жерде аялдар ыйлап, кишилер кыргыз тилинде нааразы болуп сүйлөп жаткандыгын көрүүгө болот.

«Бул видео 10-январда Кумтөр кенинде жер көчкү басып калып, табылбай жаткан эки адамга арналып куран окулган учур», — деп айтылат министрликтин маалыматында.

ИИМдин маалыматында учурда милиция кызматкерлери бул маалыматты тараткандарды табуу үчүн зарыл болгон аракеттерди көрүп жатканы айтылган.

Количество просмотров: 241