• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Бишкекте окуучу кызды зордуктоого аракет кылган шектүү изделүүдө

28 Жетинин айы 2023 10:02 Бишкек Govori.TV

Бишкекте эркек киши көчөдөн окуучу кызды зордуктоого аракет кылган. Бул тууралуу маалымат социалдык тармактарга жарыяланды.

Маалыматка ылайык, кол салуу 24-ноябрда саат 8:40 чамасында Жибек Жолу менен Манас проспектилеринин кесилишинде болгон. 15 жаштагы кыз мектепке бара жатканда белгисиз киши анын колун кайрып, бактардын арасына сүйрөй баштаган.

«Сиңдим каршылык көрсөтүп, жардам сурап кыйкырган, бирок эч ким келген эмес. Аны сүйрөп барып, жерге жыгып, кармалай баштаган. Ошол маалда көчө адамдар өткөн, шектүү алардан коркуп, качып кеткен», — деп жазды окуучунун эжеси.

Ленин РИИБге окуя боюнча арыз түшкөн. Аталган факты каттоого алынып, териштирүү башталган. Учурда шектүүнү издөө иштери жүрүп жатат. 

Количество просмотров: 829